Тажикстандын куралдуу кол салуусу: Жаракат алгандардын саны 134кө жетти

Тажик тараптын кол салуусунан жаракат алгандардын саны 134кө жетти. Бул тууралуу түз эфир учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымына караганда, алардын ичинен 98 бейтап Бишкекке которулган. Учурда дары-дармек, кан компоненттери жетиштүү.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргонуу секторунун бөлүм башчысы Кубанычбек Калмаматов учурда Бишкектен барган 37 дарыгер Лейлек районунда жардам көрсөтүп жатканын айтты.

"Министрликтин дарыгерлер тобу жер-жерлерге жөнөтүлдү. Учурда 89 дарыгер жана орто медициналык кызматкерлер Баткен облусунда медициналык тез жардам көрсөтүп жатышат. Алардын ичинен 37 дарыгер Бишкектен барышты. Алар Лейлек районунда жардам көрсөтүүдө. Мындан тышкары Ош жана Кызыл-Кыя шаарынан барган дарыгерлер тобу жеринде иштеп жатышат", - деп билдирди Калмаматов.

Ошону менен бирге ал Баткен облусу боюнча 35 жаран гемодиализ аларын, алардын ичинен 14ү Лейлекте экени кошумчалады.

"Кечээ Бишкек шаарына 10 жаран учак менен алып келинди. Алар гемодиализ алып жатат. Дагы 3 бейтаптын келиши күтүлүүдө", - деди Калмаматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан