Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 23 жаштагы Канат уулу Агадил кызмат өтөп жатып каза болду. Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Тосор айылынын кулуну Канат уулу Агадил УКМКнын Чек ара кызматында кызмат өтөп жатып баатырларча курман болду. Жакындарына көңүл айтам", - деп жазган ал.
SUPER.KG порталынын жалпы жамаатты курман болгон Канат уулу Агадилдин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.