Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгон Ачылбек Ташбековдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.
Ачылбек Ташбеков 1983-жылы туулган. Ал чек арада өз кызматын өтөп жатып каза болду. Анын сөөгү кечээ, 17-сентябрда жерге берилди.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Тажик тараптын кол салуусунда каза болгон жоокерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.