Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мектеп директорлорун дайындоо сынагы чек арадагы окуяларга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, өткөрүлө турган даталар тууралуу кошумча маалымат берилет.
Белгилесек, директорлорду дайындоо сынагын Баткен облусунда 21-сентябрда, Жалал-Абад облусунда 21-22-сентябрда жана Ош облусунда 23-24-сентябрда өткөрүү мерчемделген.