Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгон жоокер Апсамат Жекшенбековдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу жоокердин жакындары билдирди.
Айтымында, анын сөөгү бүгүн, 18-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылында жерге берилди.
Апсамат Жекшенбеков Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айылынын тургуну. Ал 1998-жылдын 2-майында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. 2020-жылы Аскердик институтун бүтүргөн. Баткен облусунун Маргун айылында өз милдетин аткарып жатып каза болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Тажик тараптын кол салуусунан каза болгон жоокерибиздин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.