Баткен жана Лейлек райондорунда 8 миң үй электр жарыгысыз калды

Баткен жана Лейлек райондорунда 8 миң үй электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу энергетика министринин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Баткен жана Лейлек райондорунда электр жабдыктарын калыбына келтирүү иштеринен кийин, 18 аныкталган 10 кВт аба чубалгыларынын 11 даанасы өчүрүлгөн бойдон калууда.

"Жалпысынан Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында коогалаң башталгандан бери 15 линия үзүлүп, 32 калктуу конуш электр энергиясыз калган, анын ичинен Баткен облусунда 26, Лейлек районунда 6 конуш. Кечээ кечинде Лейлек району боюнча дагы 6-10 кВт аба чубалгыларында 3 авариялык өчүрүү аныкталган. Бүгүнкү күндө 7 даана 10 кВт аба чубалгылары «Кыргызстан УЭТ» акционердик коомунун оперативдүү топтору тарабынан чыңалууга кошулду", - деп билдирди Таалайбек Ибраев.

Калган линиялар аймакта түзүлгөн оор кырдаалдан улам чыңалуусуз калууда. Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр энергиясы менен камсыздоо боюнча абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан