Кыргызстан менен Тажикстандын Ички иштер министрлиги Хожент-Канибадам жолун биргеликте көзөмөлдөөдө

Кыргызстан менен Тажикстандын ички иштер министрликтери Баткен облусунун Лейлек районундагы Хожент-Канибадам жолун биргелешип күзөтүүнү макулдашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нурлан Исмаилов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, тараптар бүгүн саат 13:00дө макулдашууга жетишип, ага ылайык эки өлкөнүн 60 милиция кызматкеринен турган биргелешкен кайгуул-күзөт кызматы аталган аймакта иш алып барат.
"Бүгүнкү күндө жалпысынан Баткен облусунда коомдук-саясий жана криминогендик абал туруктуу бойдон калууда. Облуста укук коргоо органдары менен ички органдардын биргелешкен ыкчам штабы иштеп жатат. Ал коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу. Тургундары эвакуацияланган айылдарда жарандарыбыздын үйүнүн жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн патрулдук топтор түзүлдү", - деп билдирди Нурлан Исмаилов.
Ал кошумчалагандай, бүгүндөн тарта ок атылып, тонолгон айылдарда жергиликтүү бийлик, Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер министрликтеринин, ошондой эле Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнөн турган атайын ведомстволор аралык комиссия иштеп баштады.
"Тилекке каршы, кырдаал туруксуз жана курч болуп турган алгачкы күндөрү айрым айылдарга кирип, жарандардын мүлкүн атайылап бузууга бөгөт коё алган жокпуз. Бул фактылар боюнча атайын ведомстволор аралык комиссия түзүлүп жатат. Бүгүнкү күндө келтирилген зыяндын эсебин документтештирүү боюнча активдүү иштер башталды", - деди ал.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө жол коопсуздугу милициянын патрулдук кызматтары тарабынан толук камсыздалып, Төрт-Көчө тилкеси кыймылга чектөөсүз ачык. Жеринде 2 миң милиция кызматкери иш алып барууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан