ТИМ өлкөдөгү эл аралык уюмдардын жетекчилерине кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифинг өткөрдү

Кечээ, 17-сентябрда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасындагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифинг өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, брифингдин жүрүшүндө катышуучуларга курман болгондордун, анын ичинде жергиликтүү жашоочулардын, жер которгондор, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер жана турак жайлардын кыйрашы, кыргыз жарандардын мүлкүн жана аларга таандык болгон буюмдарды талап-тоноо фактылары тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле брифингдин катышуучуларына Тажикстан Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана анын туруктуу эмес аскерлештирилген топторунун Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын кыянат жана негизсиз баскынчылыгынан коргоо максатында УКМКнын Чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагынын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чечкиндүү жооп кайтаруу чараларын көргөндүгү жөнүндө маалымат берилди.

Өз кезегинде чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга колдоо сөздөрүн билдиришти, жана ошондой эле азыркы аскер-саясий жана гуманитардык кырдаалга тынчсызданууларын билдиришип, Кыргыз тараптын кризисти дипломатиялык жол менен чечүү аракеттерин колдошту.

Мындан тышкары, алар Баткен облусунун тургундарына гуманитардык жана башка зарыл жардамдарды көрсөтүүгө, анын ичинде Кыргызстандагы БУУнун өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Координациялык тобу аркылуу берүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан