Саламаттыкты сактоо министринин орун басары окуя болуп жаткан жерден маалымат берди

Саламаттыкты сактоо министирлигинин орун басары Улан Садыков окуя болуп жаткан жеринен иш тартиби боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, Бишкек, Ош, Жалал-Абад облустарынан жетиштүү деңгээлде дарыгерлер тартылган. Алдын ала алынган статистика боюнча 139 жаран оор, орточо оор, өтө оор абалда, 36 адам көз жумган.

Ошондой эле 168 адам Бишкек жана Ошко авиациянын жардамы менен ооруканаларга жөнөтүлдү, алардын жарымы жаракат алгандар, жарымы коштоп баруучулар.

Бишкек шаарынан чоң партияда дары-дармектер алынып, үй-бүлөлүк дарыгерлерге жана райондорго бөлүштүрүү процесси жүрүп жатат.

Эвакуациядагы жарандарга психологиялык жактан көмөк көрсөтүү максатында 20 психолог тартылды, алар элге тынымсыз психологиялык жактан көмөк көрсөтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан