УКМК социалдык тармактардын колдонуучуларын жалган маалымат таратпоого чакырат

УКМК жарандардан, социалдык тармактардын колдонуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жалган маалымат таратпоого чакырат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдирүү таратты.

УКМК акыркы күндөрү Кыргызстанга каршы маалымат согушунда кызыкдар тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилени курчутуп, кандайдыр бир жол менен фактыларды тескери бурмалап, Кыргыз Республикасын терс өңүттө көрсөтүүгө аракет кылууда, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарды пайдаланып, чек арадагы чыр-чатакты көрсөткөн жалган фейк маалыматтарды таратып жатканын билдирет.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын жарандарынын атынан фейк аккаунттардын топтору түзүлүүдө. Алардын арасында “Саатбек Эгамбердиевдин” атынан жазылган аккаунт өзүнө эч кандай тиешеси жок экендигин айтат, (видео тиркелген).

УКМК социалдык тармактардын колдонуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн мындай жалганчылыкка, чагымчылдыкка алдырбоого жана өздөрүнүн жеке маалыматтарын кызыкдар күчтөрдүн Кыргыз Республикасынын жана анын жарандарынын кызыкчылыгына каршы пайдалануусуна жол бербөөгө чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан