Баткен облусунун аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев облустагы соңку кырдаал боюнча маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 18-сентябрь саат 15:30га карата Баткен облусунун аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу.
“Бардык кызматтар окуя болгон жерге чыгып кетишкен. Жеринде инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү иштери менен алек болууда. Кооптонууга негиз жок. Жарык, таза суу, интернет жана уюлдук байланыш калыбына келтирилүүдө. Ошондой эле Ички иштер министрлиги тарабынан тиешелүү иштер аткарылууда”, - деди ал.
Тулаев кошумчалагандай, президенттин облустагы өкүлүнүн буйругу менен бардык ведомствонун өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлдү.
“Комиссия келтирилген чыгымды эсептейт. Буга бир жума мөөнөт берилди", - деди облус башчысынын биринчи орун басары.