Тажикстандын куралдуу кол салышы: 23 жаштагы жоокер Чыңгыз Акчаловдун сөөгү жерге берилди

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам каза болгон 23 жаштагы жоокер Чыңгыз Акчаловдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу маркумдун жакындары SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, маркумдун сөөгү бүгүн, 18-сентябрда Таластын Бала-Саруу айылында жерге берилди.

Чыңгыз Акчалов 1998-жылдын 12-декабрында Талас облусунун Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында туулган. Чыңгыз Акчалов мекен алдында жасаган эмгеги үчүн президент Садыр Жапаровдун колунан сыйлык алган. Андан сырткары Москвада өткөн парадга катышып келген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Тажик тараптын кол салуусунан улам каза болгон жоокерлердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан