Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгон Жалал-Абаддын 4 аскер кызматкери жерге берилди

Баткендеги чек ара коогалаңында каза болгон Жалал-Абад облусунун төрт аскер кызматкери жерге берилди. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү тарабынан маалым болду.

Маалыматта айтылгандай, чек арадагы кагылышууда Жалал-Абад облусунун жалпысынан беш аскер кызматкери курман болду.

Сузак районунан эки, Ноокен районунан эки, Ала-Бука районунун бир жараны каза болду.

Бүгүн, 18-сентябрь күнү алып келинген төрт аскер кызматкеринин сөөгү өзү туулуп-өскөн айылдарында жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышып, жакындарына көңүл айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан