Бүгүн, 18-сентябрда Ноокен элинен Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан маалым болду.
Маалыматка ылайык, жалпы көлөмү 20 тонна 169 килограмм тамак-аш азыктары, таза суулар, таттуулар, жеке гигиеналык каражаттар жана башка күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюмдар, кийим-кечелер, жууркандар, төшөктөр жиберилип, гуманитардык жардамдын жалпы суммасы 1 174 750 (бир миллион бир жүз жетимиш төрт миң) сомду түздү. Гуманитардык жардамдарды чогултуу дагы да улантылып жатат.