Тажик тараптын куралдуу кол салуусу. Каза болгондордун саны 46га жетти

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан каза болгондордун саны 46га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ал эми жабыркагандар 140 адамды түздү. Анын ичинен 7 адам амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көпчүлүгү, тагыраак айтканда 102 киши Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган.

1. Улуттук госпиталда — 71 адам;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8;

4. Тез жардам ооруканасы — 9;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4;

6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2.

Калган жабыркагандар Баткендеги ооруканаларда дарыланууда.

"Бардыгына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kyrgyzstandykmyn
2022-09-18 19:30:00
Демек атышуу журуп жатканы чын экенда! Эки айылдан кууп чыга албай жатат экен Тажиктерди!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан