Тажикстандын куралдуу кол салуусу: ӨКМнын төрт кызматкери дайынсыз болуп изделүүдө

Баткенде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт кызматкери дайынсыз болууда. Учурда аларды табуу үчүн издөө тобу түзүлгөн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

“Чек ара кызматы, Коргоо министрлиги жана ИИМдин кызматкерлери менен бирге дайынсыз болуп жаткан кызматкерлерибизди издеп жатабыз. Тирүү болсо тирүү, сөөгү болсо сөөгүн табабыз”, - дейт министр.

Кызматкерлердин дайынсыз болуп жатканына байланыштуу бүгүн эртең менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир топ тапшырмаларды берген. Ал издөө тобун түзүп, керек болсо тик учакты колдонуу жагын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан