Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө акыркы үч күндө 23 аял көз жарды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.
Кабарлангандай, ооруканага жалпысынан 38 аял келген.
Ал белгилегендей, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмү толук кандуу иш алып барууда жана ыкчам операциялар жасалып жатат.
"Кадамжай жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүнө 13 аял кайрылган. Алардын сегизи жаткырылган, экөө башка ооруканага которулган. Калганына амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Айдаркен жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмүнө 25 аял кайрылган. Бирөө ошол жерде төрөгөн”, - дейт Бөрүбеков.
Ал учурда Самаркандек жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмү иштебей турганын айтты. Себеби ал жердеги элдин баары эвакуацияланган.