Саат 22:30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Оштун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусунун аймагындагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлайт.
Маалымдалгандай, жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күч жана каражаттар чыгарылып жатат.
Ошол эле учурда эки республиканын укук коргоо органдары чек ара аймактарында коомдук тартипти көзөмөлдөп, Худжанд-Канибадам-Арка борбордук унаа жолунда биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүдө.
Тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иш алып бааруну улантууда.