Өлкөнүн түштүгүнө авиакаттамдар штаттык режимде аткарылууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.
"Ош, Жалал-Абад жана Раззаков шаарларына бардык каттамдар штаттык режимде аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, каттамдарды "Тез Жет" авиакомпаниясы аткарууда.
Ошондой эле Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар "АвиаТраффик" авиакомпаниясы аркылуу күнүнө бир жолудан жана "Aэрономад" авиакомпаниясы тарабынан жумасына эки жолудан шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылууда.