Тажикстандын кол салуусунан Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери каза болду

Тажикстандын кол салуусунан Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын ага сержанты Мыктыбек Мурзажанов баатырларча курман болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Мыктыбек Мурзажанов 2019-жылдан бери Баткен облусунда жайгашкан атайын багыттагы полктун өзүнчө ротасында кызмат өтөгөн. Ал сезимтал, тартиптүү, кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болгон мекенинин, элинин патриоту катары эсте калды.

Өздүк курам Мыктыбек Мурзажановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөт. Биз баатырыбыз менен сыймыктанабыз", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 163 адам жабыркап, 59 адам каза болгонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан