Тажикстандын кол салуусунан ИИМдин 4 аскер кызматкери курман болду

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан ИИМдин Ички аскерлеринин 707-аскер бөлүгүнүн 4 аскер кызматкери курман болду. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Курман болгон аскер кызматкерлери:

Улук сержант Дурус Каныбек уулу,

Кенже сержант Манас Баатырбеков,

Улук сержант Ачылбек Ташбеков,

Катардагы жоокер Айбек Абдилабеков.

"Баткен облусунун чек ара аймагында курман болгон 707-аскер бөлүгүнүн аскер кызматчыларынын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жоокерлерибиздин жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!" деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан