Коңшу Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Чүй облусунун Кемин районунун тургуну Амангелди Балыкчиев дагы каза болду.
Анын сөөгү өзү туулуп, өскөн Кеминде жерге берилди. Маркум 2002-жылы туулган.
Маркумду акыркы сапарга узатууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, туугандары, жакындары, достору катышты.
16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 163 адам жабыркап, 59 адам каза болгонун билдирди.