Садыр Жапаров элди чагымчыл маалыматтардан алыс болууга чакырды

Президент Садыр Жапаров элди чагымчыл маалыматтардан алыс болууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы түз эфир учурунда элге кайрылып жатып билдирди.

"Урматтуу кыргызстандыктар, ата-бабаларыбыз эзелтен сөз баккан эл. Интернет желесинде аралаган чагымчыл маалыматтарды ылгай билели. “Ачуу душман – акыл дос” дейт, ачууга алдырып, божомолдонгон, такталбаган маалыматтарга ишенип, ортого от жаккандардын торуна түшүп калбасаңыздар. Жүзү кара чагымчылдардын тилине кирип, стратегиялык өнөктөш, дос өлкөлөрдүн, бизге тилектеш элдердин дарегине жөн жерден жалаа жаап албайлы.

Мындай коогалаңдуу шартта бир гана расмий органдар тарабынан берилип жаткан малыматтарга гана ишениңиздер деп үндөп кетер элем. Себеби азыркы учурда чек ара коопсуздугу, маалымат коопсуздугу – баары тыкыр көзөмөлдө", - деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal12
2022-09-19 14:42:00
Ушул Аферист дооруй берет экен да... Жоо кеткенден кийин кылычынды бокко чап... 60 адамдын олуму сага оюнчукпу не?!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан