
Бүгүн, 19-сентябрда Ош шаарынын борбордук аянтында Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгон кыргызстандыктар эскерилип, куран окулду.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, эскерүү иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, шаар мэри Алмаз Мамбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер, аксакалдар, жарандар катышты.
Эске сала кетсек, 19-сентябрь Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. Акыркы маалыматтарга ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болгондордун саны 59га жетти.