Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган балдар Бишкек шаарында дарыланууда

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жабыркаган балдар Бишкек шаарында дарыланууда. Алардын акыбалынан борбор калаанын 4 районунун акимдери кабар алышты. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, Балдар ортопедиясы бөлүмүнүн башчысы Мирбек Эмилбеков Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып, психологиялык жардам алып жаткан 7 баланын абалына токтолду.

Район жетекчилери балдардын ар бири менен, ошондой эле ата-энелери менен баарлашып, алардын тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыгерлерден балдарга өзгөчө көңүл бурууну өтүнүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан