Өлкөдө соңку аптада 78 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды

Кыргызстанда акыркы аптада (12-18-сентябрь аралыгында) COVID-19дун жаңы 78 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 13 адам амбулатордук дарыланууда, 65 бейтап – ооруканага жаткырылган.

2022-жылдын 37-жумасына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат.

2022-жылдын 8 ай 18 күнүндө COVID-19дун 21 миң 250 учуру катталган. Анын ичинде 19 244 (90,6 %) учур лабораториялык түрдө жана 2006 учур (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан