Тажик тараптын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан Баткен районунда сегиз мектеп жана бир бала бакча зыянга учурады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
"Чек арадагы куралдуу кагылышууда мугалимдер дагы жабыркаган", - деп айтылат маалыматта.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Баткен районунда окуу процесси толугу менен токтотулган. Бир райондо сегиз мектеп жана бир бала бакчанын терезеси талкаланып, имаратына ок тийген. Жабыркаган мугалимдер дарылануудан өтүп жатат.