Жалал-Абаддан Баткенге 54 тоннага жакын гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-сентябрь саат 13:00гө карата Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука,Токтогул райондорунан жана Кара-Көл,Таш-Көмүр шаарларына чогулган 54 тоннага жакын гуманитардык жардам Баткен облусуна жөнөп кетти.
Жергиликтүү тургундар жана жекке ишкерлер тарабынан азык түлүк, күнүмдүк колдонулуучу буюмдар жана тамак-аштар чогултулган.
Аталган жардам ӨКМнын кызматкерлеринин коштоосунда Баткен шаарына жеткирилет.