Баткен облусундагы Исхак Раззаков атындагы аэропорт кадимки тартипте иштөөдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткө маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров билдирди.
Бишкек-Раззаков-Бишкек аба каттамы жумасына эки ирет шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылып жатат.
"14-17-сентябрь күндөрү тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Раззаков атындагы аэропорт жабыркаган эмес", - деп кошумчалады Аскаров.
Учурда Кыргызстандын бардык аэропорттору штаттык режимде иш алып барууда.