Бүгүн, 19-сентябрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев журналисттерге Баткендеги акыркы абал боюнча комментарий берди.
"Балдары каза болгон ата-энелер, мен силердин алдыңарда жоопкермин. Силердин балдарыңарды сактап кала албадым. Силер дайыма балдарыбыз чоңоюп, мекенине кызмат кылсын дегенсиңер. Ошол тилегиңер кабыл болду. Алар элин, журтун сактап калды. Биз эми мындай окуялар болбош үчүн болгон аракетти кылып жатабыз. Дагы бир жолу баласын жоготкон ата-энелерден кечирим сурайм", - деди Камчыбек Ташиев көзүнө жаш ала.