УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Баткен облусундагы акыркы кырдаал тууралуу маалымат берди.
"Кырдаал оор жана туруктуу. Коңшулар менен кошо оор техникаларды чек арадан алып кетүү процесси жүрүп жатат. Кээ бир жерлерде оор жүрүүдө. Комиссия түзүлгөн, ал иштеп жатат. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен 1-2 күндө толук коопсуз болгондон кийин гана эвакуация болгон элди алып келгенге аракет кылабыз. Андан тышкары алдын ала маалыматтар боюнча 300гө жакын үй зыянга учураган. Тез аранын ичинде чара көрүп турак жайларды калыбына келтиребиз", - деди ал.