18-сентябрда Аламүдүн районунун Константиновка айылында Тажикстандын кол салуусунан шейит кеткен Мирлан Какеевдин сөөгү жерге берилди.
Маркум 2022-жылдын июнь айынан тартып Баткен облусундагы №707 аскер бөлүгүндө келишимдин негизинде кызмат өтөп жаткан.
“Мирлан үйдүн эң кичүүсү. Бала чагынан жетим өсүп, чыйрак болуп чоңойду. Мүнөзү жайдары, ак көңүл, адамга таарынуу эмне экенин билбейт эле. Кичинекей кезинен эле мекенин коргоонуу кыялданып, чек арага өз каалоосу менен кеткен", - деп эскеришти жакындары.
Мирлан Какеев 1988-жылы 8-мартта Нарын районунун Куланак айылында жарык дүйнөгө келген. Анын артында жубайы жана эки баласы калды.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>