19-сентябрда ӨКМнын биринчи орун басары Азамат Мамбетов баш болгон министрликтин өкүлдөрү менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси тарабынан Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу баалоо жүргүзүү иштерине колдонуу максатында ӨКМга 18 даана акыркы үлгүдөгү компьютер жана 1 принтер тапшырылды.
Мындан сырткары тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү макулдашкандыгы айтылат.