Бүгүн, 20-сентябрдан баштап Чоң-Алай районунун жана Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында жарылбай калган жардыргыч заттарды зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.
Миналардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган жерлер курчоого алынып, кайтарууга алынат.
Бул иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган.
"Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана чек ара бөлүктөрүндө же жергиликтүү бийликте ар кандай маалыматты тактоого чакырат", - деп жазылат билдирүүдө.