Баткен жана Ош облустарында тажик тараптын кол салуусунан келтирилген зыянды аныктоо иштери жүргүзүлүп баштады

Атайын түзүлгөн комиссия кыргыз-тажик кагылышуусунан келтирилген чыгымды аныктоо иштерин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда ӨКМнын куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев маалымат жыйында билдирди.

"Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы согуштук аракеттерден кийин Баткен жана Ош облустарында келтирилген зыянды аныктоо жана кыйратууларды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп жатат", - деп билдирди Ырысбек Жолдошбаев.

Алдын ала маалыматтар боюнча, куралдуу кагылышуу учурунда төмөндөгүлөр жок кылынган:

  • Турак жай имараттары – 364;
  • Кошумча имараттар - 168;
  • Социалдык объектилер – 9 (мектеп – 5, бала бакча – 3, ФАП – 1);
  • Стратегиялык объекттер - 5; Кыймылсыз мүлк жана жашоону камсыз кылуучу объектилер - 149;
  • Транспорт - 9.
  • Жолдошбаев белгилегендей, бул акыркы маалыматтар эмес, бардык аймакты, объектилерди изилдөө жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан