Ош шаарынын 223-кварталында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда каза болгон 19 жаштагы аскер кызматкери Азамат Мирзакуловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага шаардын вице-мэри Венера Рыскулова катышып, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан аскер кызматкеринин жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.
Ошондой эле жоокердин үй-бүлөсүнө Ош шаарынын мэриясы тарабынан материалдык жардам берилди. Маалым болгондой, ал үй-бүлөдө кичүү уул болгон.
SUPER.KG порталы шейит кеткен маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.