Баткендеги Тажикстан жардырып жиберген 36 метрлик көпүрө калыбына келтирилди

Баткендеги тажик тарап жардырган 36 метрлик көпүрө калыбына келтирилип, жол унаа каттамы үчүн ачылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көк-Таш-Аксай-Тамдык унаа жолунун 7-чакырымындагы Дача-Чайхана жол тилкесиндеги 36 метрлик көпүрө унаалар үчүн ачык.

Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн 7 даана атайын техника тартылган. Бүгүнкү күндө жүк ташуучу жана жеңил унаалардын убактылуу өтүүсү камсыздалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aitiev1210
2022-09-20 13:52:00
Калыбына келтирилди эмес, убактылуу отконго шарт тузулду десенер туура болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан