
"Кыргыз темир жолу" ишканасы Баткендеги тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыр тарткан жердештерибизге гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана жабыр тарткан Баткен элине 5 тонна гуманитардык жардам жөнөттү. Андан тышкары ишкананын кызматкерлери бир күндүк маяналарын атайын эсепке которушту.