"Мыкаачылык менен өлтүрүшкөн". Тажик тараптын колунан каза болгон Баткендин кулуну Кулатбек Абдисамат уулу жерге берилди

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан мерт кеткен прапорщик Кулатбек Абдисамат уулу жерге берилди. Ал тажиктердин колунан мыкаачылык менен кыйнап өлтүрүлгөнүн SUPER.KG порталына жакындары билдиришти.

Шейит кеткен Кулатбек Абдисамат уулу 16-сентябрь күнү чек арадагы Үч-Дөбө айылында кызматтык милдетин аткарып жатып тажик тараптан өлтүрүлгөн. Ал 7 жылдан бери мекен үчүн кызмат өтөп келген. Маркум 20 22 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара заставасынын улук айдоочусу болгон.

"Үй-бүлөнүн эң кенжеси эле. Жакындарынын абалын сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Кан жутуп отурушат. Тажиктер аны аябай кыйнап, азап берип өлтүрүшүптүр. Мындай мыкаачылыкка кантип барышты деп таң калам. Кулатбек жоош, бирөөгө зыяны жок жан эле. Өмүрүнүн 7 жылын чек ара кызматына арнады. Душмандын колунан 31 жашында өлүп, ата-эне, бир туугандарын кайгыга салды", - дейт маркумдун жакыны.

Кулатбек Абдисамат уулу Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылында 1991-жылы туулган. Артында жубайы, 4 уулу, 1 кызы калды.

SUPER.KG порталынын жалпы жамааты шейит кеткен маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан