Чек арада каза болду делген "Бөрүнүн" жоокери Жамал Тойчиев табылды

Буга чейин каза болду делинип, бирок сөөгү табылбай, изделип жаткан чек ара кызматынын "Бөрү" атайын даярдыктагы отрядынын жоокери, Жамал Тойчиев аман-эсен табылды. Бул маалыматты УКМКнын Чек ара кызматы тастыктады.

Маалымдалгандай, жоокерди куралдуу кагылыш учурунда тажик тарап барымтага алган. Ал эми социалдык тармактарда алгач анын курман болгону тууралуу жакындарына кабар келгенин, бирок барып сөөгүн таба алышпаганын жазып жатышкан.
Кечээ, 19-сентябрда Камчыбек Ташиев тажик тарап барымтага алган төрт аскерди бошотуп чыкканы кабарланган. Жамал Тойчиев алардын бири болуп чыкты.
Атайын кызмат аскерлердин баарынын ден соолугу жакшы экенин, бирөөсүнүн гана бутунда жаракаты болгонун айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
u02u02
2022-09-20 16:18:00
Кыргызымдын БОРУлору силер менен сыймыктанабыз! Ардайым тажиктердин соккусун биринчи болуп БОРУлор тосуп мизин кайтарат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан