Баткен облусунда окуу процесси жандана элек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
"Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу процесси убактылуу токтотулду. Алардын арасында облустун 53 билим берүү мекемесинин базасында уюштурулган эвакуация пункттары бар", - деп билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Лейлек районунда 45 мектеп, 23 бала бакчаларда окуу процесси кадимкидей жүрүп жатат, ал эми 21 мектеп жана 40 бала бакчада окуу процесси жандана элек.
Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында окуу процесси бардык билим берүү уюмдарында жүргүзүлүүдө.
Сүлүктү шаарында 7 мектептин ичинен 1 гана мектеп окуу процессин баштай элек.
Баткен облусундагы 11 кесиптик лицейдин ичинен 2 лицейде окуу процесси убактылуу токтотулду, ал эми Баткен шаары менен Баткен районундагы колледж жана ЖОЖдордон башкаларында окуу процесси уланууда.