Тажикстандын кол салуусу: Германиядагы кыргыздар тынчтык митингине чыгышты (фото)

Кечээ, 19-сентябрда Германиянын Франкфурт шаарында 100гө жакын Кыргыз жарандары тынчтык митингине чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Залкар Аманов билдирди.

Анын айтымында, алар мындай кадамы менен эл аралык коомчулукту Кыргыз-Тажик чек арасында болгон окуяга көңүл бурууга чакырышкан.

"Тынчтык митинги Германиянын бир канча шаарларында болуп жатат. Кечээ Франкфурт жана Штутгарт шаарларында расмий түрдө кат жазып, уруксат алып, анан өткөрдүк. Митинг учурунда аталган шаардын полициялары көзөмөлдөп турду. 1 жарым саатка созулган тынчтык митингин жергиликтүү журналисттер да чагылдырып берди. Муну менен алыста жүрсөк дагы мекенге салым кошуу атуулдук парзыбызды аткардык деп эсептейм. Максатыбыз дүйнө элине Тажикстан Кыргызстанга биринчи кол салганын жеткирүү эле", - деди ал.

16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга күтүүсүздөн кол салган. Анда тажик аскерлери Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштарын аткылаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги 198 адам жабыркап, 59 адам каза болгонун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан