Кыргызстандын жети миллионунчу жараны болуп төрөлгөн Жакшылык төрөтканадан чыгарылды. Анын видеосу менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда жарыкка келген. Ал салмагы 3,9 килограмм, бою 54 сантиметр болуп төрөлгөн.
Жакшылыктын ата-энеси Валижан Абдурасулов менен Айжаркын Сыраждинова Баткендин Кызыл-Кыя шаарында турушат. Жакшылыктын төрөлүшү менен алар эки уул, эки кыздын ата-энеси болушту.
Ымыркайга Жакшылык деген ысымды мамлекет башчы Садыр Жапаров ыйгарган.
Наристенин депозиттик эсебине мамлекеттен 1 миллион сом которулуп, ал аны жашы жеткенде өз муктаждыгына колдоно ала турганы айтылган.