"Керемет Банк" Баткен облусунда эки жаңыланган кеңсесин ачты

Баткен облусунун калкын колдоо жана облусту өнүктүрүү иштеринин алкагында "Керемет Банк" ААК 2022-жылы жергиликтүү калкка тиешелүү шарттарды түзүү үчүн бир нече филиалдарды жаңыртууну пландаштырган.

Нооруз майрамынын алдында филиалдарды жаңылоо боюнча иштер аяктап, "Керемет Банк" Баткен элине жагымдуу белек тартуулады.

16-мартта Кадамжай шаарында “Керемет Банк” ААКнын жаңыланган филиалынын ачылыш аземи болуп өттү, ал эми 17-мартта Кызыл-Кыя шаарында “Керемет Банк” ААКнын сактык кассасы жаңы кеңсесинде ачылды.

Эки шаардын тургундары жана коноктору үчүн эң ыңгайлуу шарттары менен кеңселер, кенен бөлмөлөр, ыңгайлуу күтүү зоналары, заманбап электрондук кезек каралган.

Урматтуу Баткен облусунун жана жалпы Кыргызстандын тургундары, "Керемет Банк" ААК бардыгыңыздарды келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайт!

Кирип келген жаз мезгили ар бир үйгө береке, байлык жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келсин!

"Керемет Банк" – ийгиликке сапарлаш!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан