Эртен, 21-мартта Чүй, Талас облусунун аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында жазылат.
Маалыматка ылайык, Ош, Баткен жана Нарын облусунун кээ бир аймактарында түнкүсүн жаан жаайт. Ал эми Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде күндүзү жаан-чачын күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +1 … +6, күндүз +13 … +18,
Талас жергесинде түнкүсүн +1 … +6, күндүз +10 … +15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7 … +12, күндүз +19 … +24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3 … +2, күндүз +10 … +15,
Нарын дубанында түнкүсүн -3 … -8 , күндүз -1 … +4,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1 … +3, күндүз +13 … +15 градус болот.