Бүгүн, 26-апрелде Бишкекте саат 20:30дан баштап техникалык иштерге байланыштуу №5 троллейбус каттамы убактылуу токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чыгыш-5 кичи районунда Чүй проспектисиндеги жер астындагы суу түтүктөрүнүн авариялык абалда болгонуна байланыштуу, тез арада оңдоо иштерин жүргүзүү талап кылынат. Мындан улам аталган троллейбус каттамын убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган.
Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдөн №5 троллейбустун убактылуу токтогонун эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.
Эртеңден тарта троллейбустар линияга чыгып, кадимки режимде иштей баштаары кошумчаланды.