Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, 14 айылдык кеңешке бардыгы 470 талапкер катталды, анын ичинде 164 аял-талапкер бар.
Бул айылдык кеңештердеги мандаттардын жалпы саны – 254, анын ичинде шайлоо округдарында аялдар үчүн 97 мандат резервге калтырылган.
14 айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси:
Нарын облусу
Баткен облусу
Ош облусу
Талас облусу
Чүй облусу
Белгилей кетсек, аталган облустарда айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо 9-апрелде өтөт. Ал эми үгүт жараяны 8-апрель саат 8:00гө чейин болот.