Бүгүн, 26-апрелде саат 19:00дөн тартып 11 жана 17-троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришти.
Ага ылайык, 10-троллейбустун каттамы жарым-жартылай өзгөртүлдү. Кыймыл "Фрунзе" заводунан 8-кичи районуна чейин жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу борбор калаада №9, №226, №212, №51, №52 жана №42 каттамдарга кошумча автобустар чыгарылат.
"Шаардык троллейбус каттамдарынын ишиндеги убактылуу өзгөрүүлөр Асанбай бурулуш акыркы пунктунда канализация иштерин жүргүзүү зарылчылыгынан улам келип чыкты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эртең, 27-апрелден тарта бардык троллейбустар линияга чыгып, мурдагы каттам боюнча жүрө баштайт.