Ордо, кан таламай... Бишкекте улуттук оюндар боюнча көргөзмө өттү (сүрөттөр)

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата өтүп жаткан иш-чаранын алкагында "Ала-Тоо" аянтына 16 боз үй тигилип, кыргыздын улуттук баалуулуктарын чагылдырган ордо, кан таламай оюндары жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмөгө болуп өттү.

Кан таламай оюнунда чоңураак, кызыл түскө боёлгон чүкө кан шайланат. Ал канга кошуп көп чүкөнү калчашат. Чүкөлөрдү калчаган оюнчу окшош жаткан чүкөлөрдү бири менен бирин атат. Канчалык көп атып алса, ал утуп жаткан болот. Атып жатып жеңилип калса, оюндун кезеги кийинки оюнчуга берилет. Чүкөлөрдү калчап жатканда хан таа туруп калса, анда чүкөлөрдү таламай башталат.

Кан таламай оюнунда кан жалгыз эсептелбестен, ким канды атып алса, ага жолдошу деп дагы бир чүкө кошуп эсептейт. Оюн эрежесинде айкүр – 1, таа – 2 упайга жүрөт.

Ал эми ордо оюнунда мелдешке 10 киши катышат. Чүйкөлөрдүн саны катышуучулардын санына жараша болот, мисалы; ар бир оюнчуга 5 чүкөдөн салынат. Ордо оюну тапталган түз жерде, көбүнчө кырманда ойнолот. Оюнда диамерти 12 метр болгон тегерек чийин, анын сыртына дагы бир метр болгон айлана чийилет. Оюнчуларга үч жолудан атууга мүмкүнчүлүк берилет. Ортого 68 чүкө коюлуп, кан эки чүкө болуп саналып, жалпы саны 70 деп айтылат.

Эң кызыгы ордо оюнунун жүрүшүндө оюнчунун томпоюн кармап же алып берсе, чийинди эки ирет басса, чийиндин ичине чөнтөгүнөн бир нерсе түшүп калса, түкүрсө, тамеки чексе, сөгүнсө, томпойду колунан колуна которсо оюндан четтетилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан