Бүгүн, 21-мартта көк бөрү боюнча Нооруз-2023 турнири жыйынтыкталды. Дээрлик 10 күнгө созулган мелдеште Жогорку лига, Ардагерлер лигасы, 1-лига жана быйыл жаңы кошулган 2-лига болуп, жалпы 4 лигада көк бөрү боюнча беттештер орун алды.
Турнирдин жыйынтыгы төмөнкүдөй:
40 ЖАШ (Ардагерлер лигасы)
Мыкты оюнчу: Самудинов Мирлан "Жети дубан" командасы.
Мыкты аргымак: Кой күрөң "Сары-Өзөн" командасы.
2-ЛИГА
Мыкты оюнчу: Каныбеков Зулпукар "Көк-Жал" командасы.
Мыкты аргымак: Барон "Кара-Балта" командасы.
1-ЛИГА
Мыкты оюнчу: Абдуллаев Арген "Жаштык" командасы.
Мыкты аргымак: Чырак "Четинди-Бишкек" командасы.
ЖОГОРКУ ЛИГА
Мыкты оюнчу: Өмүрбек Эсен уулу "Ынтымак" командасы.
Мыкты аргымак: Даран "Сары-Өзөн" командасы.
Эске салсак, көк бөрү турнири Бишкектеги Ак-Кула ат майданында өткөрүлдү. Ага жалпы 37 команда катышса, жалпы байге фонду 7 миллион сомду түзгөн.